Орусиянын "Алабино" полигонунда "Ар Ми-2016" армиялык оюндарынын эл аралык форматына өткөн "Танк биатлонунун" катышуучулары даярдыгын улантышууда. Мелдеш үчүн орусиялык танктарды алган командалардын арасынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү дагы жаңы төрт танк алып, аларды текшерүүдөн өткөрүп жатышат. "Т-72 БЗ танктары заводдон түз эле келди, арасында кемтиги барлары да болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан биатлон башталганга чейин техникаларды толук текшерип чыгышыбыз керек. Танктарды алуу алдында биздин танкисттерге техника коопсуздугу боюнча инструктаждар өткөрүлдү. Ошондой эле биатлон өтө турган 12 чакырымдык жолду толук басып өтүп, кооптуу аймактарды байкадык", - дейт кыргыз командасынын жетекчиси Андрей Ли.
Маалыматты 29-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынан билдиришти. Белгилей кетсек, кыргыз командасы "Танк биатлонуна" 2 жылдан бери катышып келет. 2014-жылы 7-орунду алса, 2015-жылы 13 команданын ичинен 6-орунду алган. Быйыл 16 команданын арасында жарыш жүрөт.