28-июлда Жаш Гвардия бульварынын жанындагы көпүрөнүн алдына суу толду. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Ал жерде суу ага турган арык жок. Троллейбустун асты сууга тийип, жүрбөй, ал жерде 30 мүнөттөй турдук. Айдоочу да кооптонуп айдабай жатканы билинип турду. Мамлекет ушундай маселелерге каражат жумшап, коомчулукка жеңилдик жасаса жакшы болор эле", - деди окурман.
Бул маселе тууралуу Бишкек шаардык мэриясы менен байланыштык.
"28-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде суу топтолуп, унаа кыймылы үчүн тоскоолдук жаралган. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары аталган жерге барып, тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле Бишкек шаарындагы көпүрөлөрдү жана ирригация тутумдарын тазалап жатышат (бул багыттагы иштер улантылууда).
Таң эртеден баштап "Тазалык" ишканасынын жумушчулары жана МАБдардын короо шыпыргычтары штаттык режимде иштеп жатышат. Биринчи Май району боюнча 156 көчө шыпыргыч жана 10 бирдик атайын техника, Октябрь району боюнча 97 көчө шыпыргыч, 12 унаа, Ленин району боюнча 119 көчө шыпыргыч жана 12 унаа жана Свердлов району боюнча 125 көчө шыпыргыч, 10 атайын техника ишке тартылды", - дешти мэриядан.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.