Сокулук районунун тургуну укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен улам балдары менен көчөдө калганын айтууда

Сокулук районундагы Маловодное айылынын Ч.И.Алымова аттуу тургуну укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен улам балдары менен көчөдө калганын айтууда. Мындай арыз менен ал Акыйкатчы институтунун Чүй облусу боюнча өкүлчүлүгүнө кайрылган.

Маалым болгондой, арыз ээси Маловодное айылындагы үйүндө жарандык күйөөсү менен 20 жыл бирге жашап, 2014-жылы күйөөсү жол кырсыгынан каза болуп калгандан кийин алар жашаган турак жай боюнча күйөөсүнүн туугандары тарабынан соттук териштирүүлөр башталганын айткан.

Анын айтымында, азыркы учурда жарандык иш Сокулук районунун сот өндүрүшүндө каралууда. Иш соттун кароосунда болгондугуна карабастан, талашкан адамдар менен 2016-жылдын 8-июлундагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кароо оңунан чыккан эмес.

2016-жылдын 4-июлунда арыз ээси Сокулук райондук ИИБинин башчысына кайрылган. Анда ал талашка түшкөн үйдөн чыгаруу жөнүндө эч кандай мыйзамдуу негизи жок эле талашкан тарапты колдоп, үйдү бошотуп берүүсүн талап кылган Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймактык инспектору Алмаздын туура эмес аракети боюнча кайрылган. Арыз ээсинин чара колдонуу туурасында Сокулук райондук ИИБинин башчысына экинчи ирет жазган кайрылуусу да каралган эмес.

Буга байланыштуу акыйкатчы тарабынан Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер органынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетине карата көңүл буруу актысы Башкы прокуратурага жана ички иштер министрине жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
maks94.kb
2016-07-30 11:31:24
Сокулктун соттун да милиция кызматкерлеринин кымындай уяты жок баары бирдей
+3
konfetka.medik
2016-07-30 13:05:53
Сокулуктагы милиция кызматкерлери начар эптеп план жабышса болду
+1
abusait
2016-07-30 13:58:08
Мындай сот милициянын коомго эмне кереги бар? Жок кылыш керек мындай органды. Соту буто элек болсо айдап чыкмак тугул короосуна кирууго акысы жок эч кимдин.
0
ainur78007
2016-07-31 09:42:08
Милиция да мыйзамга карап иш кылатда,экинчи тараптын о й ун да угуп коруш керек экен.азыр уйун сатып,акчасын алып кайра мен акча алган эмесмин деп арыздангандар толтура.баштан отуп жатпайбы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан