Бүгүн, 30-июлда Нарын облусундагы Соң-Көл жээгинде Тайлак баатырдын 220 жылдыгы белгиленет. Анын расмий ачылышына премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, Кыргыз мамлекетиндеги дипломатиялык миссиялардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
Тайлак баатырдын 220 жылдыгын белгилөө алкагында театрлаштырылган оюн-зоок, республикалык фольклордук-этнографиялык топтордун жана эстрада жылдыздарынын гала-концерти пландаштырылган. Буга байланыштуу 120дан ашуун боз үй тигилди.
Эскерте кетсек, 2016-жылы Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы жана жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал улуу ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы белгиленет. Мындан тышкары өзгөчө көңүл 1916-жылкы улуттук-боштондук кыймылынын 100 жылдыгына арналган иш-чарага бурулмакчы.