Бишкек шаарында велосипедчендер үчүн жол салына баштады. Мэриядан кабарлашкандай,
Жукеев-Пудовкин-Токомбаев-Байтик баатыр көчөлөрүнүн чегинде айланма велосипед жолу салынууда. Анын узундугу 1,5 чакырым болсо, туурасы 3 метрге жетет. 29-июлда башталган жол салуу август айынын аягына чейин улантылат.