Ысык-Көлдө "Элет керемети" фестивалы орун алды (сүрөт)

Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылынын Алтын-Булак жергесинде "Элет керемети" фестивалы орун алды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 1-августта билдирди.

"Мындай иш-чара биздин айылда алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Бул иш-чаранын максаты -айылдагыларды биримдикке чакыруу. Ошондой эле унутулуп бара жаткан элдин салттарын жаш муунга өткөрүп берүү максатында уюштурулду. Андан сырткары биздин жерлерге туристтерди кызыктыруу да болду", - дейт фестивалдын уюштуруучусу Анара Дубанаева.

Фестивалда манасчылар өз өнөрлөрүн тартуулап, Үркүндүн 100 жылдыгына арналган оюн болду. Баланы бешикке салуу, тушоо кесүү, кыз узатуу салттары өзгөчө кызыгууну арттырды. Андан соң фестиваль айымдардын баш кийими - элечекти көрсөтүү менен уланды. Элечектин тарыхын изилдеген Асел Калканова баш кийимдердин кооздугун гана көрсөтпөстөн, ар биринин тарыхын айтып берди. Ал эми мектеп окуучулары мюзикл коюп, улуттук бийлерди бийлеп, комузчулар ансамбли фольклордук чыгармаларды аткарышты. Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору улуттук тамактардан даам ооз тийишти. Фестивалды эр оодарыш, улак тартыш жана кыз куумай оюндары жыйынтыктады.

"Мага фестиваль жакты. Тоолордун курчоосундагы жаратылышта кыргыз элинин тарыхынан көп нерсени билип, салттарын көрүп, оюндардын катышуучуларына жан тартып, улуттук тамак-аштардан ооз тийдик", - дейт Израилден келген Арье Пелед.

Фестиваль 700дөй адамды чогултуп, алардын арасында Израилден, Австриядан, Орусиядан, Германиядан келген 50 турист бар болгону маалым болду. Кээ бирине иш-чара жаккандыктан, боз үйлөр шаарчасына бир нече күнгө калышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2016-08-01 09:24:08
Барбай калганым жаман болуптур мынча киши барып соонун болуптур айылдагы апалар аман болунуздар Менин айылым да...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан