Казакстандын премьер-министри Карим Масимов автомагистралда велосипед тепкендиги үчүн айып пул төлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта казакстандык маалымат булактары жазып чыгышты.
Министр жеке социалдык баракчасына Акмоло облусундагы Бозайгыр айылынын жанындагы автомагистралда велосипед тээп жүргөн сүрөтүн жарыялаган. Масимовдун мындай кадамдарынан кийин мыйзам жана эреже баарына бирдей экенин айтып, “Жарандык патруль” уюмунун активисттери аны жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.
Маалыматка ылайык, премьер-министр Акмоло облусундагы автомагистралда велосипед тепкен. Ал бул кылыгы үчүн 30 АКШ доллар өлчөмүндө айып пул төлөдү. Андан соң Масимов жеке баракчасына айып пул төлөгөн дүмүрчөк кагазын жарыялаган.