Нью-Йорк шаарында балмуздак музейи ачылды

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында балмуздак музейи ачылды. 6 бөлмөдөн турган музейдеги балмуздак экспонаттарынан даам сызууга жана кармап көрүүгө болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, бөлмөлөрдүн биринде келген конокторго жегенге мүмкүн болгон шариктер сунушталат. Ал эми башка бөлмөдө "Шоколад фабрикасы жана "Чарли" тасмасындагы Вилли Вонканын урматына жасалган экспонаттар түзөт. Балмуздак музейиндеги эң башкы экспонат катары түрдүү кондитердик таттуулар менен толтурулган чоң бассейн түзөт. Анда келгендер момпосуйларга "чөмүлө" алышат.

Андан сырткары музейге келгендерди эксклюзивдүү балмуздак менен коноктошот. Таттууну сүйгөндөр үчүн мындай акция 31-августка чейин уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан