Мэриядан кабарлашкандай, саркынды сууларды тазалоочу бекеттин долбоору 2011-жылы башталган. Каржы жактан колдоо Швейцария өкмөтү тарабынан 4,3 миллион доллар кайтарымсыз грант түрүндө жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 3 миллион доллар насыя түрүндө бөлүнүп берилген. Бөлүнгөн каражаттарга 5,7 чакырым болгон таза суу системи жаңыланып, насостук бекеттердин жабдуулары толугу менен заманбап жабдууларга алмаштырылып, 7,7 чакырым болгон жаңы канализация системи курулуп, Туран аймактык кеңешине 3360 дистанциондук суу эсептегичтер орнотулуп, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу бекетти реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн.
Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров бекет 40 жылдан ашуун убакыттан бери каралбай калганын айтып, саркынды суу тазалоочу бекетти калыбына келтирүүдө чет элдик уюмдардын жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, I кезектеги кубаттуулугу күнүнө 20 миң чарчы метр саркынды сууларды тазалоочу бекет 1965-жылы курулган, II кезеги 1977-жылы курулуп, ошол мезгилден бери бир дагы капиталдык оңдоо, жабдууларды алмаштыруу, имараттарды түзөтүү иштери жүргүзүлбөгөндүгүнүн натыйжасында бекеттин моралдык жана физикалык жактан эскилиги жетип, саркынды сууларды тазалоо иштери адам күчү менен гана жүргүзүлүп келген.