Кыргыз жерине келүү үчүн орусиялык ага-инилер сазда фотосессия уюштурушту (фото)

Социалдык тармактардын биринде жүргүзүлгөн фотосынактын катышуучусу сазда жасалган сүрөттөрү менен интернет ааламында популярдуу болууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Аталган социалдык тармакта "Столбнякты (тарамыш тартышып зыңкыйып калма оорусу) кантип жолуктурдум?" аталышындагы миллиондон ашуун катталган колдонуучусу бар белгилүү баракчада июнь айында сынак жарыяланган. Сынактын шарты боюнча катышуучулар өзгөчө жайларда кызыктуу, кайталангыс, өзгөчө сүрөттөрдү жасашы керек болгон. Биринчи орунга Кыргыз жерине саякаттоо же 15 миң рубль коюлган. Сынактын жыйынтыгы бүгүн, 1-августта жарыяланат.

Катышуучулар түрдүү жайларда: өлүк сактоочу жайда, бети айнектүү муздаткычтарда, абадагы учакта, электр отургучтарында сүрөткө түшүп, жүктөп башташкан. Орусиянын Челябинск облусундагы бир тууган Алексей жана Игорь Назаровдор сынак үчүн сазда фотосессия уюштурушкан. Андагы бир нече сүрөттөрдө классикалык костюм кийип, кеңседе отурган адамдын образы чагылдырылган. Алардын айтымында, сүрөткө түшүү 10 мүнөттөй гана убакытты алып, көп деле кыйынчылык жаралган эмес.

Мындай кызыктуу фотосессия интернет колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынып, сүрөткө түрдүү комментарийлерди жазып башташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Dadasdasd
2016-08-01 13:31:50
Кыргыз жериме бекер келуу кыйынга турган экен. Бечаралар.
+7
jalalabad93
2016-08-01 14:17:39
Ха ха
0
evidens
2016-08-01 14:49:24
ошол кызыктуу суроттордон жуктоп койсонор болмок экен
-1
Begimkyz.
2016-08-01 17:40:00
Сүрөттөрү жакты.
0
tulpar90
2016-08-01 17:54:11
Урматтуу супер дагы башка катышуучулардын да сүрөттөрүн жүктөгүлөчү?
0
Dadasdasd
2016-08-01 19:09:35
Как я встретил слолбняк деген тема.
-1
barakcha
2016-08-01 19:11:33
Биздин чиновниктердин образы го?)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан