Бүгүн, 1-август күнү маалымат жыйыны учурунда журналист Кенжебек Жумабаевдин жубайы Елена Акматова УКМК кызматкерлери жолдошун кантип кармап кетишкенин айтып берди.
Анын айтымында, окуя 30-июль күнү саат 17:00 чамасында Тоголок Молдо жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
“Биз үй-бүлөбүз менен базарга барып, кайра келе жатканбыз. Анан эле эки унаа келип, бизди тороп калды. Жолдошум Кенжебек Жумабаев унаадан түшүп, абалды сураганча жарандык кийимчен адамдар колун кайрып кармап кетишти. Мен балдарым менен унаада калдым. “Кайда алып барасыңар?” деп сурасам “УКМКга барып, кагаз иштерин толтуруп кайра чыгат” дешти. Жакындарыбыз менен ал жакка барганыбызда аны камап коюшканын айтышты. Күбөнү ушинтип алып кетип жатышса, кылмышкерди кантип алып келишет? Күйөөм эч кайда качкан жок. Ага чакыруу берип же телефон чалып айтса деле бармак да. Учурда анын абалы тууралуу эч кандай маалыматым жок. Мыйзам бузгандар жооп бериш керек. Бийлик өкүлдөрүнөн ак жеринен камалган Кенжебек Жумабаевдин камактан бошотулушун талап кылам”, - деди Елена Акматова.
Ал эми журналист Кенжебек Жумабаевдин дагы бир жактоочусу Номанжан Аркабаев буларга токтолду: "Жумабаевдин камалышы - саясий куугунтук. Бүгүнкү бийликке коомдогу кырдаалды калыс чагылдыруу жакпайт. Убактылуу кармоочу жайда эч күнөөсү жок отурат".
Айта кетсек, бүгүн эртең менен УКМКнын басма сөз кызматы “Кенжебек Жумабаев мурда козголгон кылмыш иштин негизинде кармалды. Ал 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарындагы баш аламандык боюнча айыпталууда” деп билдирүү тараткан.