SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Убакытты артка кайтаруу мүмкүн болгондо..." деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Кээде өз кыялдарымдан өзүм жадайм, өз кыялдарыма өзүм күлкүм келет. Мына ошол чексиз кыялдарымдын натыйжасынан көп каталарга жол берип коём. Баары бир тагдыр айткандай болорун өз көзүм менен көргөн күнүмдө да бул кыялдардан арыла албай койдум. Эгер убакытты артка кайтарууга мүмкүн болгондо, көптөгөн адамдар менен мамиле куруудан баш тартмак элем. Анткени баарын жакын адамдарым катары санап жүрүп азыр бирин да таппай калдым. Көрсө, бул да куру кыялдарымдын бири экенин эми түшүндүм".
"Мен да кыял менен жашайм. Ар бир ишимди, баскан-турганымды кыялдана берем. 4-5 жылга артка барып кыялданмайым бар. Мисалы, кесипти туура эмес тандагам, өзүмө жакпайт. Кыялымда гана өзүмө жаккан кесипте окуп, өткөндөгү каталарымды оңдоп жашап алам. Кээде мен да тажап кетем, "эх, мындай болбойт да, жок нерсени кыялданбай эле койсом болмок" дейм да, бирок арыла албадым".
"Жакшы нерсени кыялданган сонун го. Мен да кээде кыялданам".
"Эгер убакытты артка кайтарууга мүмкүн болсо, мен туура эмес айтып алган сөздөрдү кайтарып алмакмын. Ачууга алдырбай, сабырдуулук менен иш кылмакмын".
"Убакытты артка кайтаруу мүмкүн эмес, ошондуктан боло турган нерселер жөнүндө ойлонгонубуз жакшы. "Азыр жашап жаткан жашообуз туура нук менен баратабы?" деген суроону өзүбүзгө берип көрөлү. Кыялдансаң да боло турган нерсени ойлонуп кыяданыш керек деп ойлойм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.