Азамат Жаналиев Рамзан Кадыровдун атасынын сүрөтүн мык жана жип колдонуп тактай бетине түшүрдү

Чечен Республикасынын биринчи Президенти Ахмад Кадыровдун сүрөтүн жип жана мык менен тактай бетине түшүргөн сүрөтчү Азамат Жаналиев жакын арада Чеченстанга жөнөө алдында турат. Бул тууралуу сүрөтчү SUPER.KG порталына билдирди.

Сүрөтчүнүн айтымында, Ахмад Кадыровдун элеси түшүрүлгөн сүрөт бир жума аралыгында жасалып бүткөн. Эми эмгекти Ахмад Кадыровдун уулу, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровго белек кыларын айткан. Сүрөтчү буга чейинки эмгектеринде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жана президент Атамбаевдин сүрөттөрүн жип жана мык менен тартып коомчулукка жарыялаган.

"Ахмад Кадыровдун туулган күнүнө карата атайын анын элесин чагылдырган сүрөт тарттым. Эми 2-августта велосипед менен Грозный шаарына жолго чыгып жатам. Буюрса, Чечен Республикасына 20 күндө барып калсам, президент Рамзан Кадыровго портретти тапшырам", - деп билдирди Жаналиев. А.Кадыров тирүү болгондо 23-августта 65 жашка толмок.

Сүрөтчү Бишкек шаарынан чыгып Казакстан, Орусия, Азербайжан жана Грузия аркылуу Чечен Республикасына кирип барууну пландап жатканын кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
bakaiBBBB
2016-08-02 12:30:12
менимча Р Кадыров бул белекти алууда ойлонуп анан алса керек себеби ал киши дмн жолундагы адам жана Ислам дининде кол менен жасалган суротко тартуу болбойт
+5
zhykyo
2016-08-02 12:45:32
Ооо менин суротчум бол кал менин жанымда десе калып кал биз бияктан оооо Рамзандын суротчусу Кыргыз деп сыймыктанабыз
+1
nukesh
2016-08-02 12:50:17
Ичинер куйуп атса туз жалагыла. Коро албастык адатты таштагыла срочно!!!
+4
bakulya2015
2016-08-02 12:54:44
Азамат бала экен,ийгилик! Ар бир инсан озу суроо бериш керек менин колумдан эмне келет мен ушундай кыла аламбы деп. Ак жол аман барып эсен кайтсын бул жигит интернетке жарыя болсода жакшы анткен Кыргызстандын аты чыгат азаматсын!
+4
kgalik
2016-08-02 14:44:34
Атамбаев эштеке берген эмес окшойт, болбосо реклама кылат эле
+1
AKCAHAT
2016-08-02 16:08:11
Кыйналбай самолет мн эле жеткирип келбейби эми ?
0
Janym_ata_enem
2016-08-02 16:39:34
Жоо барсанда аман-эсен жетип ал. Былтыры мен Жалалабадка велик менен 3жарым суткада аран жеткем.
+2
Janym_ata_enem
2016-08-02 16:50:10
Бишкектен
0
Dadasdasd
2016-08-02 17:42:35
Эми сурот учакта барат да. Озу бул бала суроттон мурун велик менен олкону кыдырып таанылган. Эки онорду бир коргозуп жатат азамат. Лолунун эшегин сугарып пулун ал дейт.
+5
Aikoo2014
2016-08-02 18:17:05
Бироонун эмгегин деле коро албайсынар ээ? Кандай гана окунучтуу!
Ал эми самалетто баргыдай ашып жаткан дунуйосу бар беле. Жон койгула велик менен барса велик менен бараар.
Ал эми ошол суротту тартканына мен баа бердим. Ийгилик коштосун!
+2
KaiMak
2016-08-02 19:28:37
уят эле... акча сурагандай болуп бараткен да ....
+1
Dadasdasd
2016-08-02 21:37:45
Велик менен жеткенинче бир Чечен ушундай сурот тартып сенден мурун берип койбосун
+3
ofcourse
2016-08-02 22:53:41
Кыргыздарда көрө албастык жакшы өнүккөн.Ал жасап өз оокатын кылып атат,өкмөттөн үмүт кылбай.Бир мык алып бергенсип,сүйлөйсүңөрда.Азаматсың эмгегиң жерде калбай баркталсын....
0
nazi11
2016-08-03 15:54:32
Бунун эмнеси гулкулуу зото бешене тери менен жасады.Азаматсын ийгилик.Азыркы учурда 80ден откон Апабызды зордуктап кетиптир.Колунан еч нерсе келбеген бекерчилердин айынын.
0
semo
2016-08-03 18:31:35
Мына ушул жерден еле көрүнүп турат кыргыздар кандай калк екенин биздин каныбызга синип калган көрө албагандык жакшы азамат деп мактап жазып койсонор колунар сынып калабы
0
bom.bon
2016-08-04 20:33:46
Сен велосипед менен жеткичейин ,башкасы коруп ошондой кылып тартып ,сенден мурда жеткизип койбосо эле болду эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан