Ысык-Көлдө 3-4-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Кен байлыктарды коргоо жана пайдалануу боюнча өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңештин отурумуна Кыргыз Республикасы, Молдова, Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстандын жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышат.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин билдиришинче, кеңештин мүчөлөрү тармактык мекемелердин ишмердүүлүгүн, актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулашканы жатат. КМШга мүчө мамлекеттердин геология тармагын жетектеген мекемелеринин кеңештин мурунку сессиясында кабыл алынган чечимдерди аткаруусу боюнча жыйынтык чыгарылмакчы. Жыйындан кийин коноктор Кыргыз жеринин табияты жана маданияты менен тааныша турганы айтылды.
Маалыматка таянсак, кеңешке төрагалык кылуу 2017-жылга чейин Тажикстандан Кыргыз мамлекетине өтөт.