Ошто дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү

Ош шаарында республикалык масштабда дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу боюнча семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Ош облустук мусулмандар казыятынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жана сүйлөө маданиятын жогорулатууга багытталган иш-чарага Талас, Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын райондорунан келген имамдар катышты.

"15 күнгө созулган семинарда жаңы технологияларды колдонуу ыкмалары, кеп маданияты, убакытты туура пайдалануу боюнча сабактар өтүлдү. Окуу иштерин өткөрүүгө университеттин окутуучулары тартылган. Кыргыз тилинде таза, туура, так сүйлөп, элди туура багытка жетелөө үчүн сүйлөө чеберчилигин арттырууну колго алдык", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, буга чейин июль айында болуп өткөн семинарда Ош облусунан катышкан 70 имам окутулуп, сертификаттар тапшырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан