Тоолуу Чаткал районунда 19 миң тонна тоют камдалды

Тоолуу Чаткал районунда 19 миң тонна тоют камдалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта SUPER.KG порталына Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Эрнис Кошбаев билдирди.

"Учурда район боюнча 19 миң тонна тоют камдалды. Бул 68 пайыз чөп чабылып, жыйналып алынды деген көрсөткүчтү билдирет. Биздин маалыматка ылайык, Чаткалда жыл сайын 30 миң тонна тоют керектелет. Чаткал өрөөнү тоолуу болгондуктан, кыш төрт жарым-беш айга созулуп кетиши ыктымал. Ошондуктан тоютту ашыкча камдоо зарыл", - деп кошумчалады Кошбаев.

Белгилей кетсек, Чаткал районунда быйыл 3262 гектар көп жылдык чөп эгилген. Ал эми айыл эли 1700 гектар табигый чөп талааларынан тоют камдайт.

Маалым болгондой, дагы 1 ай аралыгында толугу менен тоютту камдоо жыйынтыкталат. Ал үчүн Чаткал райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы фермерлерге чөп чабуучу тракторлорду иштетүү, камдалган тоютту кыштоо жана короолорго жеткирүү маселесин жеңилдетүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтты Кошбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан