Транспорт, турак үй, батир жана жер салыгын төлөөнүн мөөнөтү 2-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчылыгынан билдиришти.
"Салыктарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин салык органдары тарабынан төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд жүргүзүлөт. Рейддин жүрүшүнө Жол-патрулдук милициясынын кызматкерлери катышат. Ошондуктан салык төлөөчүлөр бүгүндөн баштап салыктарды төлөөгө шашылуусу керек", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
Мамлекеттик салык кызматы жарандарды өз убагында салык төлөөгө чакырык жасады. Салыктарды өз убагында төлөбөгөн учурда 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынары айтылды.
Транспорт салыгын төлөгөн айдоочулардын унаасына салыктын төлөнгөндүгүн ырастаган кагаз жармаштырылмакчы. Мындай кагаздар Салык кызматы тарабынан акысыз берилет.