КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын отурумуна байланыштуу Бишкектин көчөлөрү жарнак такталарынан арылууда

Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгы шаардын көркүн бузган жана чоң конструкциядан турган жарнактык такталарды алуу боюнча иштерди баштады. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бул аракеттер шаарды КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин Кыргыз Республикасында өтө турчу отурумдарга даярдык алкагында аткарылууда. Быйыл Манас, Ч.Айтматов, Чүй, Жибек-Жолу кең көчөлөрүндө жана Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрүндөгү такталарды жөнгө салуу каралган.

Аталган көчөлөрдө автоунаалардын кыймылы көп болгондуктан, алып салуу иштери түнкүсүн жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда Манас, Ч.Айтматов, Чүй, Жибек-Жолу кең көчөлөрүнөн 60, ал эми Абдрахманов, Байтик баатыр көчөлөрүнөн 4 жарнак тактасы алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jooshbai
2016-08-02 15:57:26
jakwy kylywat,uwular jaman toskool bol4u ele
0
Bek1996_01
2016-08-02 20:37:18
Кыргыздар ушундайбыз да биз кичинебизде да МЕйман келээрде уй жыйнайт элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан