Аргентиналык аңчы 40 жылдан бери үңкүрдө жашайт (видео)

Аргентинанын 79 жаштагы жашоочусу Педро Луканы "жаратылыш менен толук гармонияда жашаган учурдун чыныгы үңкүр адамы" деп аташууда. Анын коңшулары болгону 2 эчки жана 11 короз. Күн сайын Педро Лука таңкы саат 3тө куштар сайрап баштары менен ойгонот да, от жагып кирет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.

Ал жашаган жерде эч кандай электр тогу, суу түтүктөрү жана интернет деген жок. Цивилизациянын жетишкендиктеринен анда бир гана кубаттандыргыч менен иштей турган радио кабылдагыч, мылтык бар. Элден өзүнчө жалгыз бөлүнүп жашаган Педро аңчылык кылып, тоо-токойдон таап алган азыктар менен тамактанат. Кээде 3 саат жол жүрүп, жакынкы Сан-Педро-де-Колалао шаарчасына келип кетет.

Шаарга ал пенсиясын алуу үчүн гана келип, болгон акчасын шам, ширеңке, акталган арпа, күрүч алууга жумшайт. Андан сырткары ага жергиликтүү тургундар да көбүнчө жардам беришет. Шаарда өзүнчө уламышка айланган Педро Луканы көрүүгө өлкөнүн бардык аймактарынан, чет өлкөдөн да туристтер келишери айтылат маалыматта.

40 жылдан бери үӊкүрдө жашаган Педро Лука
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhykyo
2016-08-03 00:09:46
Жагат болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан