Ала-Букага Өзбекстандын аймагы аркылуу тартылган электр чубалгысы өлкө аймагына чыгарылды

Ала-Букага Өзбекстандын аймагы аркылуу тартылган электр чубалгысы өлкө аймагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Жыпариза Үмөталиева билдирди.

"Электр жарыгын Шекафтар, Ажек айылдары Өзбекстан аркылуу алып жүргөн. Электр чубалгылары оңдоого муктаж болуп калганда чек арадан өтө албай кыйынчылык жаралчу. Мындай абал буга чейин бир канча жолу кайталанып келген эле. Бүгүнкү күндө электр чубалгысы толугу менен Кыргыз Республикасынын аймагына чыгарылды", - деп кошумчалады Үмөталиева.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагына 5,5 чакырым жаңы аба чубалгысы тартылып, аталган айылдын жашоочуларына пайдаланууга берилген. Электр чубалгысын тартуу үчүн техникаларга жол салынып, жаңы мамы орнотууга жалпысынан 14 миллион 589 200 сом каражат жумшалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur_zhoni
2016-08-02 17:09:25
Жакшы жанылык
+1
nur_zhoni
2016-08-02 17:11:35
Супер инфо аксыда 2.5 гектарга жакын жерди озбек тарап алып койду деген эле ошол маселе чечилгенби кабар берип койунуздар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан