Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 10-августтан тарта жергиликтүү айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк, буудай данын сатып ала баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тарабынан бекитилген квотага жана Антимонополдук жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бекиткен баага ылайык, 23 пайыздан кем эмес клейковинаны камтыган 2016-жылдын азык-түлүк буудай данын сатып алуу жүргүзүлөт.
Республиканын бардык аймактарында дан даярдоочу такай иштеген пункттар иш алып барат. Нарын облусунун Нарын шаарында жана Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында азык-түлүк буудай данын даярдоо үчүн убактылуу пункттар уюштурулган. Кийинчерээк чогултулган дан Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун аймактык ишканаларынын жоопкер жактары аркылуу өз алдынча ташылып кетет.
Бүгүнкү күндө бардык дан кабыл алуу пункттары буудай кабыл алууга даяр.