SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Уулуң кайрымдуу болобу же кызыңбы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мага Кудайым уулдарды гана буюрган экен. Эми кыздуу деле боло албайт окшойм. Кайсы жерге барбайын, баары эле "бир кыз төрөп ал, кыз кайрымдуу болот" дешет. Алардын айтымында, балдар аялын ээрчип кетишет. Менин оюмча, ал деле тарбиядан болсо керек. Балдар деле ата-энесин багып жатышпайбы".
"Менин оюмча, эркек балага караганда кыз бала энеге кайрымдуу болот. Кыз бала өзү да эне болуп, энени көбүрөөк түшүнөт, ар дайым колдоп турат. Уулуң менен кызыңдай болуп сырдаша албайсың деп ойлойм. Менин таажеңемдин 3 уулу бар, кызды эңсеп жүрүп төрөй албады, "мага күйөрүм ушул" деп кыз багып алышты. Кайненемдин кызы жок болгондуктан, ар дайым өкүнүп, "убагында кыз багып албапмын" деп айтып калат".
"Кыз бала энеге жакын болот. Өзүм да апама күндө телефон чалып абалын сурап турам. Жумушу болсо барып бүтүрүп берем. Сырдашым, кеңешчим - апам. Апамды ушунчалык аяп турам. Үйдө жүрүп балдарым менен болуп турсам да апамды ойлой берем. Мен атама сырымды айтып сырдаша албагандай эле, агам да апама сырын айтып сырдаша албайт".
"Ата-эне жана бир тууганга кыз кайрымдуу жана мээримдүү болот. Жашоодо уулдардын 90 пайызы коюнунда жаткан аялын тымызын угуп иш кылышат. Бул талашсыз факт. Ал эми уулдарды жаманга чыгарып коюу да туура эмес, бирок кыз бала ата-энесине кайрымдуу болору анык. "Ушул төрт уулдан көрө бир кыз төрөп алганым артык эле" деген кээ бир энелердин сөзүн көп эле угуп жүрөбүз. Алар өз баласын жөн эле жерден жамандашпаса керек".
"Ыймандуу келин келсин, өз энесиндей сыйлаган. Илгери бир кемпирдин жалгыз уулу аябай тартипсиз болгон экен. Ошондо апасы "Балам, мен сени жалгызым деп эрке өстүрдүм. Эми минтип үйлөнгөнү турасың, сага айтарым, үйлөнгөндөн кийин мени 3 күн аябай сыйла, ошол бойдон мага сүйлөбөй эле кой" деген экен. Күйөөсүнүн апасына болгон мамилесин көргөн аялы кайненесин сыйлап өткөн экен. Ошол сыңары, балаңа же келиниңе акылдуулук менен мамиле кылсаң, келин деле өз кызыңдай болот. Багып алсаң деле элден өгөй экенин угуп өзгөрүп кетиши мүмкүн".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.