Бүгүн, 2-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкекте “Конституция. Кайда баратабыз?” аттуу жыйын өттү. Сөз эркиндигин коргоо комитети уюштурган жыйында депутаттар, саясатчылар, жарандык коомдун өкүлдөрү Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин талкуулашып, көпчүлүгү бул демилгени сындашты. Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бир бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова: “Көпчүлүк депутаттар кимдир бирөөлөрдүн тузагында. Аларга кысым көрсөтүү менен Конституцияны өзгөртүүгө кол топтоп жатышат. Баш мыйзамды өзгөртүү менен авторитардык мезгилге кайтарыбызды элге түшүндүрүүбүз зарыл”, - дейт.
Кыргыз жериндеги оппозициялык күчтөр Баш мыйзамга кол тийгизбей сактап калууга канчалык таасир эте алышат? Бийликти сындаган оппозициячыл саясатчылардын бир тобу учурда тергөө абагында отурат, мисалы, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Бекболот Талгарбеков... “Элдик парламент” уюмунун дагы бир мүчөсү Тойгонбек Калматовду УКМК “өлкөдө баш аламандык уюштурууну пландаган” деп 31-июлда кармап, камакка алды. Эртеси, 1-августта маалымат жыйынында журналисттер президент Алмазбек Атамбаевге “Өлкөдө камакка алынбаган олуттуу оппозиционер калдыбы?” деген суроо беришип, президент “Оппозиция – бул тосмодон секирип, бийликти басып алууга үндөө эмес. Оппозиция жеке пикирге ээ болуп, бийлик менен сүйлөшүүгө жол табышы керек” деп жооп кылды. Күтүлүп жаткандай эле оппозицияга жан кирип, Баш мыйзамды коргоо зарылдыгын айтып чыгышты. Эми референдум өткөрүү демилгесине каршы турууну айтып жарандык коомго чакырык таштоого киришкен оппозиция өкүлдөрүнө Кылмыш-жаза кодексинин беренелери жармашып калышы да мүмкүн. Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы 7 кишиден турган жумушчу топ түзүлүп, анын курамына Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Рита Карасартова, Мавлян Аскарбеков жана башкалар кирди. Жумушчу топ Конституцияны өзгөртүү аракети мыйзамсыз экенин айтып эл аралык уюмдарга кайрылат. Анда өлкөдө бийликти узурпациялоо жүрүп жатканы белгиленип, референдум өткөрүүгө акча бөлүүнү токтотуу өтүнүчү айтылат. Муну SUPER.KG`ге Мавлян Аскарбеков тастыктады. Башкысы – Конституцияга мынчалык тездик менен өзгөртүү киргизүүгө чоң зарылчылык жок экенин, бул жолку аракет мурунку эки бийликтин тушундагыдай кайсы бир күчтөрдүн кызыкчылыгы болушу мүмкүндүгүн эл өзү түшүнүп билиши керек.
Кыргыз жериндеги жогорку окуу жайларга абитуриент кабыл алуунун 3-туру аяктады. Жыйынтыгында өндүрүш тармагы, физика-математика багытындагы педагогикалык адистиктер боюнча бюджеттик орундар толбой калды. Бул өлкөдө орто билим берүүнүн деңгээли түшүп кеткенинин белгисиби же жаштар арасында аталган адистиктерге кызыгуунун жоголуп баратканыбы? Билим берүү министрлиги муну “физика, математика сабактары боюнча предметтик тесттин төмөн көрсөткүчтөрү себеп” деп түшүндүрдү. ЖОЖдордо гранттык орундардын бош калышы өлкөдө кадимки көрүнүшкө айланып калган. Расмий маалыматтарга таянсак, 2015-жылы бюджеттик орундарга абитуриент кабыл алуу планы 85 пайызга аткарылган же 5705 гранттык орун каралып, анын 4868и гана толгон. Тагыраагы, 837 гранттык орун бош калган. Ал эми жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алып, каалаган окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгүн 54 мектеп окуучусу алса, анын 18и гана бул мүмкүнчүлүктү пайдаланган. Калганы чет өлкөдөн жогорку билим алууну тандашкан. Бул маалыматтар өлкөдө билим берүү тармагынын сапатын жакшыртуу зарылдыгынан кабар берет. Ошол эле учурда республикалык тесттин жыйынтыгы менен бюджеттик орундарга өтүүдөгү 110 баллдык чекти аймактагы абитуриенттер үчүн төмөндөтүү талабы 2 жылдан бери айтылып, бирок Билим берүү жана илим министрлиги талапты аткаруудан баш тартып келет.
Жарандар өкмөттүк чечимдер бирдей аткарылбай, кош стандарттуулук дале сакталып жатканын айтып коңгуроо кагышууда. Окурмандардын бири SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына алдынкы айнектери караңгылатылган автоунаалардын сүрөтүн жөнөтүп, “Эмне үчүн Жол-патрулдук милиция бирдей мамиле жасабайт? Мыйзам баарына бирдей деген принцип буларга тиешелүү эмеспи?” деди. Окурмандын талабы жөндүү. Үстүбүздөгү жылдын 18-июлунда өлкөдө унаалардын маңдайкы жана алдынкы каптал айнектерин караңгылатып жүрүүгө тыюу салынган. Өкмөттүн чечимине ылайык, саналуу гана органдардын автоунааларынын бардык айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берилет. Алар: президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Жогорку Соттун төрагасынын жана аларды кайтарган УКМКнын 9-Башкармалыгынын жан сакчыларынын, акча каражаттарын жеткирүү боюнча “Кыргыз инкассациясы” мекемеси менен соттолгондордун кайтаруучуларынын автоунаалары. Калган бардык автоунаалардын маңдайкы жана алдынкы каптал айнектерин караңгылатууга тыюу салынган.
2013-жылы унаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген мыйзам парламент тарабынан кабыл алынып, бирок президент Алмазбек Атамбаев кол койбой артка кайтарган. Бул маселе өлкөдө маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Жарым ай мурунку күчүнө кирген чечимге карабай азыркы учурда маңдайкы жана алдынкы каптал айнектери караңгылатылган унаалар жоголуп кеткен жок. Минтип эми иш жүзүндө президенттин, премьердин, спикердин же Жогорку Соттун төрагасынын коштоочуларына айланып отурат. Патрулдук милиция тиши өткөндөрүнө чара көрүп жатканы менен, кызматтык же башка статусуна жамынып караңгылатуусун албай жүргөндөр арбын. Мыйзамдар, чечимдер кыйшаюусуз аткарылмайынча жарандар арасында мыйзамдуулукка ишеним болбойт.