Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 16 миллиард 145 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 1004 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 198 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард метр кубдан ашык суу бар болчу.