Исфанада тартылып, instagram социалдык тармагынын расмий баракчасына жүктөлгөн сүрөт бир күнгө жетпеген убакытта 713 миң “жакты” белгисине жана 3000ден ашуун пикирге ээ болду. Сүрөттө Баткен облусунун Исфана шаарынын кичинекей жашоочулары тартылган. Алар бала бакчадагы коштошуу кечесине кооптуу көпүрөдөн өтүп баратышкан. Сүрөттүн автору - жаш сүрөтчү Эльер Нематов.
Автор сүрөттү философиялык ой толгоо менен толуктап, балдар менен бала бакчага чейин сүйлөшүп барганын жазган.