Түндүк Корея тыюу салынганына карабай баллистикалык ракеталарды сыноону улантууда

Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кисида Түндүк Кореянын баллистикалык ракетасы өзгөчө экономикалык аймакка түшкөнүн айтып: “Бул бир эле Японияга эмес, бүтүн дүйнөгө болгон олуттуу провокация жана аймактагы коопсуздукка коркунуч келтирет”, - деди.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Түндүк Кореянын миң чакырым алыстыкка учуучу баллистикалык ракетасы Японияга жетип, Акита префектурасынын Ога аралынын батыш тарабындагы өзгөчө экономикалык аймагына түшкөн.

Түндүк Корея баллистикалык ракетасын Хванхэ-Намдо аймагынан таң эрте чыгарганын Түштүк Кореянын күч органдары билдиришти. Ал эми Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ: "Бул окуя кечирилгис жана биздин коопсуздугубузга чоң коркунуч туудурат", - деп билдирип, Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул чогулушун жарыялады.

Эске салсак, Түндүк Корея быйыл БУУнун Коопсуздук кеңешинин тыюу салганына карабай баллистикалык ракеталарды сыноону бир нече жолу өткөргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
salimbek87.kg
2016-08-03 10:52:57
Тынчтык эле болсунда ааламда.
+2
Abdurahman
2016-08-03 11:06:38
ушулар жаман кутурду да тынч турган кошуналарын козгоп. Мына сага деп озуно ылайык ответ берип коюш керек. Япония менен Кытай да жон мамлекет эмес
0
Jooshbai
2016-08-03 11:16:17
amerikanyn enesin emizet uwular,bir bolso
0
Abdurahman
2016-08-03 11:24:31
Jooshbai,Башкасы эмсе да америка эмбей калды го
+6
KaiMak
2016-08-03 11:46:37
норм коммент жазайлы... Япондор окуп алып кыргыздарды жок кылабыз дебешсин)))
+3
Abdurahman
2016-08-03 11:50:29
KaiMak,Кыргыздарды жок кылганга повод жок го.

кыргызым кыраан эл болот
каптаса кучтуу сел болот

+3
Arslan12
2016-08-03 12:05:43
Кыргызга бироо бир нерсе десин
+1
KaiMak
2016-08-03 16:54:06
Arslan12,бир нерсе дебей эле,танкалары менен кирип алганда деле, сабырдуу болгула,провакацияга алдырбагыла деди го АША
0
lexus47
2016-08-03 14:05:20
Биз кыргыздар озубуз менен озубуз урушу-талашып журуп. Жат бироо тийшип койгондо дароо биригип жок кылганга аракеттенгенибиз сонунда.Бир жакадан ба,бир женден кол чыгарып журоберели, :D
+2
Nur1k
2016-08-04 02:42:57
Ырас кылат. Япония, Америкада мындай ракета можно анан Иран, Северная Кореяга можно эмесби? Кана справедливость?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан