Борбор калаада 1 доллар 68,7 сомдон сатылууда

Бүгүн, 3-августка карата Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ долларын сатып алуу 68 сом 30 тыйынды, сатуу 68 сом 70 тыйынды түзүүдө. 1 еврону сатып алуу 75 сом 65 тыйын, сатуу 76 сом 20 тыйындан болсо, рубль учурда 1 сом 15 тыйындан сатылып алынууда.

Акыркы 2 ай аралыгынан бери доллардын куну 67 сомдон түшө элек. 1-майда 1 доллар 67 сом 40 тыйындан сатылып алынса, 68 сом 20 тыйындын тегерегинде сатылган. 1-апрелде 1 доллар 68 сом 20 тыйындан сатылып алынып, 69 сом 60 тыйындын тегерегинде сатылып жаткан. Ал эми март айынын башында 1 доллар 71 сом 60 тыйындан алынып, 72 сом 30 тыйындан сатылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikokul14
2016-08-03 10:40:33
Жаман бой которду да ушул доллар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан