II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий проморолиги жарыяланды

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берген расмий роликти Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы интернетке таратты.

Роликтин узактыгы жалпысынан 1 мүнөткө жакын, анда көчмөн эл октой учкан эл экени айтылып, кылымдар аралыгында өзүнүн маданиятын, оюндарын, салт-санаасын сактап калганы жана мунун баары туруктуу, сабырдуу, ынтымактуу, эр жүрөк болууга тарбиялаганы тууралуу айтылган. "Ата-бабалардын мурасына күбө болуп, эркиндиктин даамын сез" деген тариздеги чакырык менен аяктайт.

"Euronews" телеканалы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ролигин көргөзөт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында кабарлап, Кыргыз Республикасы адамдары, бай тарыхы жана бүгүнкү күндөгү бараткан жолу менен кызыктуу экенин белгиледи.

Эске салсак, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин Ысык-Көл жээгинде өтөт. Анда 20дан ашык өлкө оюндарга катышарын билдирип, программага спорттун 26 түрү кирди.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий проморолиги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
M89
2016-08-03 15:15:34
Ошол эле учурда роликтерди Кыргыз тилинде дагы чыгарууну унутпаса. Анткени бул тилдин да тарыхы ЧОН.
0
Frunze74
2016-08-03 15:19:31
Жакшы чыгыптыр, 4+ деген баа берем.
-4
raum
2016-08-03 15:22:25
Неге Орусча? Качан өз тилибизде, жатыркабастан өзүбүздү рекламалайбыз деги? өгөй баладай болуп эле жашап келебиз, өз өлкөбүздө...
+2
sirgak_92
2016-08-03 15:53:34
raum,сен кызыксын го бул ролик буткул европа жана россияда коюлуп атат мен россиянын теле каналынан кордум орустар кыргызча тушунмок беле
+4
Buldoook
2016-08-03 15:25:44
Баракелде
+1
shalpak
2016-08-03 15:32:42
Бул ролик КЫРГЫЗ, ОРУС, АНГЛИС тилдеринде чыгарылган, мекендештер. Ар кандай аудитория үчүн керектүү тилдеги роликтер көргөзүлөт да.
+3
Nyrbany92
2016-08-03 15:34:08
Азаматтар жакшы болуптур.
+4
kuba0506
2016-08-03 16:41:39
Бул ролики Мир каналынанда корсотуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан