Орусиянын Омск шаарында Манас баатырдын сүрөтү граффити ыкмасы менен дубал бооруна тартылды

Аталган сүрөт граффити ыкмасы менен "Стенограффия" аттуу сынактын алкагында тартылды. Бул жөнүндө аталган сынактын уюштуруучулары социалдык тармактагы расмий баракчасында 2-августта жарыялашты.

“Бул ой мага "Стенограффия" сынагынын уюштуруучулары мага сүрөт тартчу жердин дарегин жибергенде пайда болду. Көчө Чокон Валихановдун атында экен, менде анын ким экендиги тууралуу кызыгуу пайда болду. "Википедиядан" окуган маалыматымдан бул адамдын ЮНЕСКО уюму тарабынан коргоого алынган, кыргыз элинин эң чоң чыгармасы болгон "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү жазып алып, орус тилине которгон биринчи адам экенин өзүмө белгилеп алдым. Валиханов дүйнөгө бул эпосту ачып берди десем болот”, - деп билдирди сүрөттүн автору Kostya Zmogk.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Abdurahman
2016-08-03 12:22:50
Жакшы кылышыптыр кыргыздын атын чыгарышып
+7
Aman-moskva
2016-08-03 12:28:35
Сонун чыгыптыр кыргыздар деп ойлон дур орустар
+6
Мэри
2016-08-03 12:29:55
Сонун!
+5
Jooshbai
2016-08-03 12:31:24
owondo orus tartkan okwoit,molodes kostya
+5
kama_future_millioner
2016-08-03 12:33:24
Жакшыгоо
+5
Patriot..kg
2016-08-03 13:26:38
Жакшы жанылык
+5
BarsBaatyr
2016-08-03 19:32:24
Жакшы кабар!
+1
AIZAD
2016-08-04 00:30:54
Орустар бул суротто Манас чагылдырылганын кантип билишет? Оруссия болгондон кийин орустардын богатыры деп ойлошот го... жазылса жакшы болмок экен дегеним
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан