Кыргыз жери Европа жана Борбордук Азиядагы терроризмди каржылоо тобокелдиги бар 14 мамлекеттин катарына кирди

Базельск башкаруу институтунун «Basel AML Index-2016» терроризмди каржылоо тобокелдиги туурасында түзгөн рейтингинде глобалдык деңгээлде Кыргыз Республикасы 149 өлкөнүн ичинен 60-орунду ээледи. Казакстан 71-орунда болсо, Өзбекстан 101-болду. Эң жогорку деңгээлдеги тобокелдик боюнча Иран, Ооганстан жана Тажикстан биринчи үчтүктө орун алышты. Тескерисинче, тобокелдик аз өлкөлөрдүн үчтүгү болуп Финляндия, Литва жана Эстония табылды. Ал эми өлкөбүз Европа жана Борбордук Азиядагы терроризмди каржылоо тобокелдиги рейтингинде 5-орунда турат. Эң чоң тобокелчилик бар өлкө болуп Тажикстан табылса, Украина, Түркия жана Орусия кийинкилер болду.

Рейтинг түзүү ыкмасынын негизинде тиги же бул өлкөнүн банктарынын мыйзамсыз акча жүгүртүү жана терроризмди каржылоо мүмкүндүктөрү каралат. Ошондой эле коррупцияга тиешеси, мамлекеттик органдардын ачык иштеши жана саясий абал анализденет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-03 17:14:37
Кудай сактасын. Ушу олтуруп алып бироолордун корсотмосу аркылуу "бир жери"менен пал ачкандарды абдан "жактырам"да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан