Ош шаарында "Жаштык" балдар лагеринин айланасы тазаланып, 42 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу "Ош-Тазалык" ишканасынын басма сөз катчысы Динара Касымова билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган лагерде 6 жылдан бери Июнь окуясынын жабырлануучулары баш калкалап келишкен. Лагерь 5,5 гектар жерди ээлейт.
"Бир канча убакыттан бери лагердин айлана-тегереги каралбай, таштандыга толуп кеткен болчу. "Ош-Тазалык" ишканасынан 56 адам тазалоо иштерине катышып, ушул күнгө чейин 42 тонна таштанды чыгарылды. Дарактын куураган шактары алынып, колдонулбай калган бассейн тазаланды", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.
"Жакынкы күндөрү эс алуучулардын алгачкы агымын кабыл алууга аракеттер көрүлөт. Анткени "Тазалык" ишканасы лагердин айлана-тегерегин тазалап, эс алуучуларга шарт түздү", - дейт Касымова.