Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 600дүн тегерегинде. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.
“Ушул таптагы маалыматка ылайык, Сириядагы согушка катышып жаткан 70тен ашык Кыргыз Республикасынын жараны каза тапты. Ал эми жыл башынан бери ал жактан 20 жаран качып келген. Учурда алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Айта кетсек, өлкө аймагынан Сирияга кетүү агымы 2012-жылдан тарта башталган. Үй-бүлөсү, туугандары жана кичинекей балдары менен да кеткендер бар.