Ош шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата шаарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө

Ош шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата шаарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта "Ош-Тазалык" ишканасынын башчысы Талант Капаров билдирди.

Маалыматка ылайык, шаарды тазалоо иштерине күн сайын 300гө жакын жумушчу катышып жатат.

"Эгемендүүлүк майрамына карата шаар ичин тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Мында отоо чөптөрдү жулуп, ички арыктарды, таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бул үчүн кызматкерлер таңкы саат 04:00дө жумушка чыгып, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Алдыда көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын тазалоо иштери башталат", - деп кошумчалады Капаров.

Маалым болгондой, Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарын тазалоо иштери 31-августка чейин улантылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ema91
2016-08-03 19:56:37
эгемендуулук кунго карата эле эмес, ар ай сайын болсо да тазалап турса болот го
+3
aibars
2016-08-03 22:58:49
Майрамдан кийин таштандыга толуп, гулдор тепселенип калат!;(
+1
gutler
2016-08-06 22:26:36
Эгемен кунуно эле эмес, ушул эжелер кун сайын кочону тазалашат. Кунун ысык мезгилиндеда,эрте мененда алардын кочо тазалап иштеп жургонун коробуз.Рахмат сиздерге!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан