SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйүүгө акча үстөмдүк кылган заман келдиби?" деген тема талкууга алынууда.
Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:
"Азыр заман талабына жараша акча адамга үстөмдүк кылган учур. Кайсы тармакта болбосун акчалуулар алдыга озуп чыгып, ийгиликтерди багындырып жүргөнүн баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Акчалуулар сүйүү жаатында да алдыга озуп чыгышабы же таза, тунук сүйүүнүн антын сыйлагандар бактылуу боло алышабы? Силер үчүн сүйүү маанилүүбү же акча маанилүүбү? "Сүйүү" дегендер сүйүүнү туруктуу деп ойлойсуңарбы? Кээ бири үчүн чыныгы сүйүү 40-50, кээде 70 жашта да келиши мүмкүн. Сүйүүңөр үчүн баарынан кечишиңер мүмкүнбү? Ал эми, "акча" дегендер, "акча - колдун кири, бүгүн бар, эртең жок" деген пикирге кошуласыңарбы? "Сүйгөн адамдын акчасы түгөнсө, аларга болгон сүйүү түгөнөт" деген кепке кандай карайсыңар?"
Темада калтырылган билдирүүлөр:
"Чынында, бүгүнкү күндө акча менен адамсың. Азыркы сүйүү деле акчага байланышкан. Акчаң болсо сүйүү узакка, жадакалса өмүр бою узарат дегендей. Жетишсиз жашоо жан дүйнөнү сыгып салат. Азыр адам акчаны эмес, акча адамды башкарган заман".
"Бир өмүрүңө жетер акчаң болсо да, сүйүү жок болсо, менимче, ошондо да жан дүйнөң жалгызсырап, сүйүүнү дегдей берсе керек. Адам болгондон кийин сезимдерге да баш ийбеске арга жок".
"Сүйүүнү тандасаң кийин акчаны тандасам болмок экен деп өкүнөсүң. Акчаны тандасаң да өкүнүп калышың мүмкүн. Кыскасы, адам баласына эч нерсе жакпайт".
"Арабызда акча дебеген кыздар деле бар. Мен азыр акча, байлык, бийлик дебеген кыздарды караштырып жүргөн убагым. Акча - колдун кири. Иштесең, ден соолук болсо акча табылат, ал келип кетүүчү нерсе".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.