Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 16 миллиард 212 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 989 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 211 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында 11 миллиард 748 миллион куб метр суу бар болчу.