Ысык-Көлдө жер казынасын чалгындоо, пайдалануу боюнча КМШнын өкмөттөр аралык сессиясы өтүүдө

Ысык-Көлдө жер казынасын чалгындоо, пайдалануу боюнча КМШнын өкмөттөр аралык сессиясы өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Мамлекеттик геология агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз Республикасы, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Молдова, Беларусь өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып жатышат. Ал эми байкоочу катарында Кытай жана Монголия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү көз салышууда.

"Мен ишенем, өлкөлөр ортосундагы шериктештик кызматташтыгы экономикалык өнүгүүгө алып келет. Мыкты тажрыйбаларды алмашуудагы аракетибиз жыйынтык берет деп ойлойм", - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Олег Панкратов.

Сессиянын катышуучулары чалгындоо жана жер казынасын сактоо боюнча 2016-2020-жылга келечектүү, бирдиктүү иш планын иштеп чыгуу аракетин көрүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан