Орусиядан учуп келген жарандын паспорту жок болуп, "Манас" аэропортунда 4 күндөн бери жашап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчылыгынан билдиришти.
"Орусиянын Краснодар шаарынан 31-июль күнү учуп келген жаран Алексей Попов паспорту жок болгондуктан, өлкөгө киргизилген эмес. Анын кайра учуп кетүүгө же каражаты жок, же документи жок. Ал үчүн Мамлекеттик чек ара кызматы жоопкерчилик албайт", - деди басма сөз кызматы.
Аэропорттун маалымат кызматынын билдиришинче, аэропорт да ал адамга жоопкерчилик албайт. "Бул боюнча тийиштүү кызматтар чара көрүшү керек болчу. Ал эми аэропорт жүргүнчүлөрдү жеткирип, тосуп алуу кызматын гана аткарат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Мындан сырткары Попов учуп келген "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын коммерциялык бөлүмү менен байланышканыбызда, андай адам учуп келгенин тастыкташканы менен, ал жөнүндө маалымат бере албастыгын билдиришти.