Бишкек шаарындагы №47-түзөтүү колониясынын абалын текшерип чыгуу үчүн жумушчу комиссия түзүлгөнүн Акыйкатчы институтунан билдиришти. Комиссиянын курамына Акыйкатчы институтунун жана Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери киришкен.
Ведомство аралык комиссиянын мүчөлөрүнө текшерүү үчүн төмөндөгүдөй маселелер коюлган:
1. №47-түзөтүү колониясынын администрациясы жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тарабынан мунапыс колдонууда шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга сунуш берүүдө укук бузуулар болбош үчүн жеке иштерин иликтеп чыгуу;
2. Рациондук азыктандыруунун нормасын сактоо, мөмө-жемиштердин, ошондой эле дарылык витаминдердин болушун камсыздоо;
3. Камалгандарды кармоонун жалпы шарттары, камалган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелгендерди жана картайгандарды кармоо шарттарын кароо;
4. Медициналык санитардык бөлүмдөрдүн жалпы абалы. Камалгандарды дарылар менен камсыздоо жана дары-дармектердин колдонуу мөөнөттөрүн текшерүү;
5. №47-түзөтүү колониясындагы санитардык-эпидемиологиялык кармоосун текшерүү (мончо, барактарды, ашкана, нан бышыруучу жай, жуунуучу жай, ажаткана);
6. Камалгандардын кийим менен камсыз болушу;
7. Камалгандарды категория жана аларды келген мөөнөттөрү менен бөлүштүрүү.