"Манас" аэропортунан Түркияга эжесинин паспорту менен учууга аракет кылган кыргыз кыз кармалды

Бишкек-Стамбул каттамы аркылуу Түркияга мыйзамсыз учууга аракет кылган кыргыз кыз кармалды. Чек ара кызматынан билдиришкендей, 3-августта "Манас" аэропортунан 1991-жылы туулган Б.А. аттуу жаран башка жаранга таандык паспорт менен кармалды. Анын билдиришинче, паспорт өз эжесине таандык болгон. Ал Түркияга жумуш издеп бараткан. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurdoolot1996
2016-08-04 11:42:08
Мм жакшы
0
Makain
2016-08-06 03:27:55
Шерменде чек арачыларды билбейт деп ойлойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан