Мындан 55 жыл мурун, 1961-жылы 4-августта АКШнын тарыхындагы биринчи кара терилүү өлкө башчысы, өлкөнүн 44-президенти Барак Обама Гавайиде туулган. Мектеп жылдарында баскетболго аябай кызыгып, ал тургай Пунахау командасынын курамында штаттын чемпиондугун да жеңип алган. 1983-жылы Эл аралык бизнес корпорациясында каржылык маалымат бөлүмүнүн редактору болгон. 1988-жылы Гарвард университетине тапшырып, университеттин "Harvard Law Review" басылмасынын тарыхында биринчи жолу кара терилүү редактор болгон.
"Нобель", "Грэмми" сыйлыктарынын ээси, кийинүү стили Америка жаштары үчүн үлгү болгон Барак Обама тууралуу кызыктуу маалыматтарды назарыңыздарга сунуштайбыз.
1. Барак Обама бир нече китептердин автору. "Атамдын кыялдары", "Үмүттүн чечкиндүүлүгү" китептери АКШда бестселлерге айланган. Өткөн жылы китептерин сатуудан жубайы Мишель Обама экөө 4 миллион доллардан ашуун каражатка ээ болушкан.
2. Күн сайын улуу кызына Гарри Поттер тууралуу китептерди окуп бергендиктен, ал жөнүндө бардык китептерди окуп чыккан.
3. Кариб аралындагы Антигуа жана Барбуда мамлекеттеринин бийлиги Барак Обама президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен соң анын урматына андагы эң бийик чокуга ысымын ыйгарышкан.
4.Өспүрүм кезинде "Baskin-Robbins" балмуздак түйүнүндө иштегендиктен балмуздакты жактырбайт.
5. Мишель Обаманын айтымында, Обама абдан романтик, дайыма гүл тартуулап турат.
6. Барак Обама индиялык Махатма Ганди, америкалык Авраам Линкольн, Мартин Лютер Кинг сыяктуу адамдарга окшогусу келерин билдирген.
7. 2006-жылы Обама китебинин аудиоверсиясы үчүн "Сүйлөшүү жанрындагы мыкты альбом" номинациясында "Грэмми" сыйлыгын алган.
8. Жөргөмүш-адам тууралуу комикстерди чогултат.
9. Обамада Мухаммед Алинин кол тамгасы түшүрүлгөн боксёр мээлейи бар.
10. Массалык маалымат каражаттардын билдиришинче, Барак Обама менен актёр Брэд Питтин туугандык жайы бар. Тарыхый гендик изилдөө жүргүзгөн коомдун айтымында, Питт менен Обаманын 9-аталары тууган болушкан.
4-августтун жылнаамасы.