Бакай-Ата районунда 10 жылдык салтанаттын ордуна эки балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялга үй куруп беришти

Бакай-Ата районунун Кызыл-Октябрь айылында Кушубек Султаналиев атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү эки балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялга үй куруп беришти. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта мектеп бүтүрүүчүсү Эрмек Атабеков билдирди.

"Мектепти бүткөнүбүзгө 10 жыл болуп, салтанатты белгилөө аракетин көрүп калдык. Арабыздан балдар маселе коюп, оюбузду ортого салдык. Жыйынтыгында 11 бала чогулуп, 10 жылдыкка деген каражатка айылыбыздагы 2 балалуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аялга үй салып бердик", -дейт Атабеков.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерине жалпы 150 миң сом жумшалган. Бүтүрүүчүлөр мындай кайрымдуулук иштерди бизден кийинкилер да улантышса деген тилекте. Аталган кайрымдуулук ишин Кушубек Султаналиев атындагы мектепти 2006-жылы бүтүргөн 1988-жылы туулган балдар жасашкан.

"Куруу иштерин 11 бала өзүбүз аткардык. Арабызда куруучу адистигине ээ болгондор бар. 3 ай аралыгында салып бүттүк. Үйдүн ачкычын тапшырууга райондун акимин, айыл өкмөт башчысын жана айыл аксакалдарын чакырганбыз. 6-август күнү үйдүн кызыл тасмасын кесип, ээсине ачкычын тапшырабыз", - деп кошумчалады бүтүрүүчү Эрмек Атабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Arslan12
2016-08-04 15:39:20
Балли азаматтар!
+5
Ernis.98
2016-08-04 16:05:53
силердей Кыргыздын азаматтары кобойо берсин
+19
Arsenal2
2016-08-04 16:17:26
Алла ырааазы болсун.азаматсынар жигиттер ушунунардан жазбагыла.
+4
Misterjon
2016-08-04 16:46:30
Азаматсынар жигиттер,силерден мисал алган замандаштар коп болсун. Ар бирибиз колубуздан келген жакшы иштерди баштасак, олкобуздун онугушуно пайдабыз тийет
+3
lexus47
2016-08-04 18:54:01
Чыныгы мырза деген атка татыктуу жигиттер экен. Силерге Кудайым берсин оомин! Бара-бара эл,элди камсыздап калат окшойбуз ушинтип. Мамлекеттен б.ктуда умут кылбаш керек... жок дегенде ушундай жарды адамдарга, мумкунчулугу чектелгендерге жардам берип турса болот эле, же жарытып акча бербейт, берседа кучуко окшоп чуркатып анан берет
+3
bek.kgz
2016-08-04 19:15:52
Азаматтар!!!
+3
ofiser26
2016-08-04 19:50:36
Чыныгы Кыргыздын мендей мырзалары экенсинер.
+2
temirov76
2016-08-04 20:04:25
Ой азаматтар,АЛЛАХ силерден эки дуйно ыраазы болсун инилерим,окуп алып толкунданып кеттим,силерден кыргыз элим улгу ала турган эле жумуш жасапсынар,азаматтар.
+4
jalalabad93
2016-08-05 13:46:52
Ак уйдон кутпой калдык эч нерсе карапайым эл бирине-бири жардам кылып кыйынчылыкты женилдетип жатабыз Аллага шугур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан