Жогорку окуу жайларынын алдындагы аскердик кафедралар жоюлмай болду

Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 30-июнунда кабыл алынган мыйзамдын максаты - аскердик кадрларды даярдоо процессин өзгөртүү менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн курамынын сапатын жакшыртуу. Ага ылайык, Медициналык академиядан башка бардык жогорку окуу жайлардын алдындагы аскердик кафедралар жоюлат, альтернативдүү кызмат өтөөгө тийиштүү нормалар такталат, өлкө жарандардын милдеттүү аскердик кызматка чакыруу мөөнөттөрү өзгөрөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан