Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова Баш мыйзамга кире турган кайсы өзгөртүүлөр элди тынчсыздандырып жатканын "Би-Би-Сиге" кечээ, 4-августта айтып берди.
"Өзгөртүүлөрдүн маңызына өтөрдөн мурда "2020-жылга чейин Конституция өзгөртүлбөшү керек" деген эрежени сактоо керек экенин баса белгилеп кетейин. Ал жалпы элдик референдумда бекитилген. Ошондуктан азыркы учурда Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө элден башка эч кимдин укугу жок. Бул жерде сунушталып жаткан долбоор тымызын даярдалып жатат. Атамбаев "президент деле болбойт болчумун, сурангандан болдум" деп айтпады беле. Эртең деле "мен премьер болбойт болчумун, суранышканынан макул болуп калдым" деп койбой турганына кепилдик жок.
Мен саясатчылардын эч биринин мындай сөздөрүнө ишенбейм. Бул популисттик маанайда айтылган сөз. Бул жерде президентти, премьер-министрди деле күчтөндүрүү аракети эмес. Жакшылап анализдеп көрсөк, киргизилип жаткан сунуштардын баары бул бийликте турган партияны, кийин дагы бийликке келебиз деп умтулуп жаткан партиянын позициясын күчтөндүрүп жатат. Бул партиялык диктатурага алып келе турган сунуштар", - дейт Сооронкулова.
"Мурунку Конституцияда "эң жогорку баалуулук - бул адам укуктары жана эркиндик" деп турса, бул жерде алар менен катарлаш башка баалуулуктар да кирип жатат. Демилгечилердин оюнда адам укуктары башкы баалуулук болбош керек дагы, андан жогорку башка бир баалуулуктар туруш керек деген ой кирип жатат. Бул жерде юридикалык маңызы жок аныктамалар кошулганы турат. Экинчиден, "адам укуктары боюнча эл аралык уюмдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун чечимдеринен жогору турушу мүмкүн эмес" деген маанидеги беренелер кирип жаткандай сезилет. "Кыргыз Республикасы эл аралык уюмдарынын чечимдерине баш ийбейт" дегенди билдиргени болуп жатат. Ал эми Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдер мамлекет тарабынан сөзсүз түрдө аткарылышы керек.
Менин тынчымды алып жаткан беренелерге токтолсом. Эгерде премьер-министр депутаттардан дайындала турган болсо, мандатын жоготпойт. Андан сырткары депутаттар кандай укуктарга ээ болсо, ал укугу да сакталып калат. Алсак, "премьер жана вице-премьер-министрдин пленардык жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болот" деп жазылып жатат. Бул бийликти бөлүшүү принцибине түздөн-түз карама-каршы келет.
Бул жерде жарым-жартылай премьер-министр, жарым-жартылай депутат болуп жатат да. Ал пленардык жыйынга катышат, добуш бергенге укугу болот жана мандатын сактап калат. Демек, премьер-министр, вице-премьер-министр баягы эле фракциянын катарында болуп, фракциялык тартиптен чыкпашы керек дегенди түшүндүрөт. Бул премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүү эмес, бул кайсы бир партияны күчтөндүрүү деп эсептесек болот", - деди Сооронкулова.
"Мамлекет башчы "биз парламентти бир аз алсыздандырып, премьер-министрди күчтөндүрүшүбүз керек" деп айтты. Бул абдан туура эмес көз караш. Бийликтин үч бутагы тең салмактуу болуп туруш керек. Бул укуктук илимге да, акылга да сыйбаган нерсе.
Дагы бир жагдай, сот реформасы соттордун көз карандысыздыгын күчөтүш керек деген саясат жүрүп жатканы менен, азыркы сунушталып жаткан долбоордо Конституциялык палата түздөн-түз президент менен Жогорку Кеңешке көз каранды болуп жатат. Чечмелеп айтсак, Конституциялык палата өз алдынча чечим чыгара албай калат. Алдын ала корутунду чыгарат, ал корутунду сөзсүз түрдө президент менен Жогорку Кеңеште бекимейинче анын чечимге айланышы абдан татаал болот", - деген маегинде Конституциялык палатанын мурунку соту Клара Сооронкулова.