Бүгүн, 4-август. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев “Терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документтин максаты - эл аралык терроризм жана экстремизм жаатындагы кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү. Негизги өзгөрүүлөрдүн бири - террористтик жана экстремисттик аракеттери үчүн соттолгондорду өлкө жарандыгынан ажыратуу нормасы. Ошондой эле аларды мунапыс аркылуу боштондукка чыгарбоо чарасы. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кечээ, 3-августта Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, кайра Кыргыз жерине кайтып келгендердин саны 20 экенин, алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын билдирген эле. Алардын террорчу экенин же андай эместигин сот аныктайт. Бул өзгөртүүлөр соттолгондон кийинки кырдаалга керектүү чара катары киргизилди.
Жогорку Кеңештин V чакырылышы 2015-жылдын май айында “Аялдарга жана жашы жете электерге мунапыс жөнүндө” мыйзам кабыл алып, президент ага кол койгон. Мунапыска ылайык, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналгандар, бир же андан ашык жашы жетпеген балдары барлар, багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ата-энелери болгондор жана башка категориядагы аялдар абактан бошотулган. Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргыз Республикасынан Сирияга кеткендердин бир бөлүгүн кыз-келиндер түзөт. Алардын так саны тууралуу маалыматтар жок. Өлкөдө Сирияга кеткендер кайтып келгенден кийин өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч жаратары айтылып келе жаткан. Мамлекет аларды зыянсыздандыруу, коомдогу таасирин азайтуунун бир жолун жазаны катуулатуудан тапты.
Өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын алдындагы аскердик кафедралар жоюлат. Тийиштүү мыйзамга президент тарабынан кол коюлду, документ үстүбүздөгү жылдын 15-августунан тарта күчүнө кирет. Бир гана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдындагы аскердик кафедра калат. Демилгенин максаты Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн сапатын жакшыртуу экенин айтышты президенттик аппараттан. Демек, аскердик кафедраны аяктаган запастагы офицерлердин аскердик даярдыгы көңүлгө толорлук эмес. Буга чейин өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын аскердик кафедралары студенттерге аскердик багытта билим берип, аяктагандан кийин аскердик билет, кенже лейтенант чинин ыйгарып келген. Расмий маалыматтарга таянсак, 2010-жылга чейин окуу жайлардан жылына 4 миңдей студент офицердик наам алып чыкчу. 2009-жылдын соңунда окуу жайлардын аскердик кафедралары жоюлуп, 2010-жылкы бийлик алмашуудан кийин кайра ачылган эле. 1-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев кыргыз армиясы соңку жылдары күчтүү болуп калганын, Куралдуу күчтөрдүн базасын бекемдөө иши мындан ары да уланарын баса белгиледи. Аскердик кафедралардын жоюлушун сандан сапатка өтүү аракети катары баалап, мырзаларга аскердик билет аскердик кызмат өтөгөндөн кийин гана берилиши керектигин айткандар да көп.
Ысык-Көл облусунда “келинди жаш баласынын көзүнчө зордуктаган” деп шектелген жаран 1 айга камакка алынды. Мындай чечимди Тоң райондук соту чыгарган. Кылмышка шектүү тергөөдөгү көрсөтмөсүндө: “Башында келин өзү макул болгон, бирок кийин чыр чыгаргандыктан талаага таштап кетип калгам”, - деп билдирген. Эскерте кетсек, 28-июль күнү Чүй облусунун 1983-жылы туулган тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, Балыкчы шаарынан Бишкекке келе жатканда айдоочу аны зордуктап, 5 жаштагы баласы менен талаага таштап кеткенин айткан эле. Окуянын чоо-жайын укук коргоо органдары иликтейт. Ал эми интернетте социалдык түйүндөрдө шектүүнүн катуу жазаланышын талап кылгандар көп. Педофилдер менен зордукчуларга өлүм жазасын киргизүү урааны да ушундай окуялардан кийин дуу көтөрүлүп, кайра басылууда. Муну менен катар “Кайран элим, кайда баратабыз?” дегенди ушундай жагымсыз окуяларга мисал кылып колдонуу көрүнүшү адатка айланып баратканы да байкалууда. Буга чейин аталган сүйлөм диний күчтөрдүн радикалдашуусуна каршы чакырык катары баннерге жазылып, жер-жерлерге илинген эле.