Үркүн окуясына арналган мемориалдын курулушу 25-августка чейин бүтөт

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 4-августта "Ата-Бейит" комплексиндеги 1916-жылкы Үркүн окуясында курман болгондорго арналган эстелик-мемориалдын курулушу менен таанышты.

Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 1916-жылкы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө курман болгондордун эстелик-мемориалын тургузуу тууралуу жарлыгына ылайык, өкмөткө аталган объекттин долбоорун даярдоо жана куруу милдети тагылганын эскертти. "1916-жылкы улуттук боштондук кыймылынын 100 жылдыгына карата иш-чаралардын маанилүүлүгүн эске алуу менен бардык тийиштүү иштерди жогорку деңгээлде өткөрүү зарыл", - деди Жээнбеков.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Турдубек Мамбетов долбоордун үстүнөн 3 курулуш бригадасы иштеп жатканын айтты. Анын билдиришинче, мемориалдын курулушу 25-августка чейин бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан