Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин колдоосу астында 5-августта 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларга арналган "Өмүр көчү-100" автожүрүшү старт алды.
Сокулук районунун Асылбаш айылынан сапар тарткан автожүрүш мамлекеттик деңгээлде өткөрүлөт. Автожүрүш башталган иш-чарага президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары даражасындагы бөлүм башчы Мира Карыбаева катышып, мамлекет башчынын кайрылуусун жарыялады. Автожүрүш Асылбаш, Беловодск айылдарына, Боом капчыгайына, Бөкөнбаев, Барскоон айылдарына токтоп өтөт. Андан ары 6-августта Каракол шаарын жана Түп районун аралайт.
Алмазбек Атамбаевдин автожүрүштүн катышуучуларына кайрылуусунда булар айтылды:
"Урматтуу мекендештер!
Жүрүштүн ардактуу катышуучулары!
Быйыл Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана андан кийин болгон, элдин эсинде "Үркүн" деп аталып калган каргашалуу окуянын 100 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилеп жатабыз.
Өткөн 100 жыл ичинде бул окуя ар кандай деңгээлде эскерилип келген. Алсак, 1931-жылы дал ушул күндөрү элдин көсөмдөрү болушкан Жусуп Абдрахманов менен Баялы Исакеев Үркүндүн 15 жылдыгын белгилөөнү колго алып, жалпы элдин мүдөөсүн орундатышкан. Андан кийинки мезгилде бул маселени 60 жыл бою элдин эсинен чыгарууга аракеттер жасалган. Эгемендикке ээ болгон күндөн тарта коомчулуктун активдүү өкүлдөрү жана жигердүү жаштар ата-бабалардын алдындагы ыйык парзды аткаруу максатына элдин көңүлүн бурууга аракеттерин жасашкан. Алгач кайра куруунун жел аргысы менен 1991-жылы белгилүү коомдук уюмдар жана мекенчил жаштар биригип, "Өмүр көчү-75" жөө жүрүшүн уюштурушкан. Бул иш-чара өз кезегинде өтө маанилүү жана ошол эле учурда кооптуу дагы болчу. Ал эми 2006-жылы Үркүндүн 90 жылдыгында бийик ашууларда калган сөөктөрдү диний жөрөлгөлөр менен жерге берүү милдети аткарыла башталды.
Эгемендиктин алгачкы 20 жылында бийлик тарабынан 1916-жылдагы окуялардын чыныгы тарыхый ордун жана мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү маани-маңызын терең түшүнбөстөн улам формалдуу иш-чаралар өткөрүлүп, СССР доорундагыдай эле унчукпай коюу саясаты улантылган. Быйыл алгачкы жолу бул жүрүш мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүп жатат. Ошондуктан "Өмүр көчү-100" демилгесине мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү тууралуу жергиликтүү бийлик органдарына тиешелүү тапшырмалар берилди. Учурда тарыхыбызга өзгөчө көңүл бурулуп, элибиздин улуттук аң-сезимин көтөрө турган демилгелер колго алынып жатат. Өзгөчө акыркы эки жылда 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына карата көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүүдө. Окумуштуулар бул окуялардын ХХ кылымда мамлекеттүүлүгүбүздүн кайра жаралуусуна тийгизген таасири тууралуу көптөгөн изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө.
Урматтуу мекендештер!
Быйыл, Тарых жана маданият жылында, Кыргыз Республикасынын эгемендигине 25 жыл толгондо ушул жүрүштүн өтүп жатышы өзгөчө мааниге ээ. Демилгени көтөрүп, элдин тарыхый эсинде сакталышына салым кошуп, колдоп келе жаткан жигердүү жарандарыбыздын аракеттерин жогору баалайбыз. Бул "Өмүр көчү-100" жүрүшү мамлекеттүүлүгүбүздүн бекемделишине, элдин биримдигине дагы татыктуу деңгээлде өз салымын кошот деп терең ишенем. Биз ата-бабалардын, тарыхтын жана келечек муундун алдында мамлекетибизди жана эгемендигибизди көздүн карегиндей сактоого тийишпиз. Кудай бизге күчтүү көз карандысыз мамлекет курууга тарыхый мүмкүнчүлүк берди.
Жолуңар шыдыр, жолдошуңар Кыдыр болсун. Ата-бабалардын алдындагы жооптуу милдетти татыктуу аткарып, эсен-аман кайтып келгиле".