Бишкек шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине көп кабаттуу үй курулат. Маалыматты 5-августта министрликтин маалымат кызматы кабарлады. 6-август күнү Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун, министрлик жетекчиси Кубатбек Бороновдун катышуусунда 162 батирлүү турак жайдын курулушуна капсула салуу аземи өткөрүлөрү белгилүү болду. Көп кабаттуу үй шаардын Чолпон-Ата көчөсүнөн орун алат.
Белгилей кетсек, буга чейин аскер кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылып келген.