Акыйкатчы институту Кызыл-Жар психиатриялык ооруканасындагы кемчиликтерди атады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кызыл-Жар республикалык психиатриялык ооруканасында олуттуу мыйзам бузуулар бар. Бул тууралуу 5-августта Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады.

Аталган ооруканадагы атайын текшерүүдө оорулуулардын жана медицина кызматкерлеринин жеке коопсуздугунун сакталбай жатышы мекемедеги олуттуу коркунуч деп белгиленип, оорукананын бөлүмдөрүндө өзгөчө катуу көзөмөлдөгү бейтаптарды кармоого шарт жок экени айтылды. Өзгөчө көзөмөлдө туруучу бейтаптар кадимки көзөмөлдөгү бейтаптар менен бирге жайгаштырылып жатканы белгилүү болду. Ошондой эле оорукана кызматкерлеринин коопсуздугу талаптагыдай эместиги айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан