Ысык-Көлдө 2-6-август күндөрү 10-эл аралык жол тандабастар фестивалы өттү. Ысык-Көл облустук администрациясы бул 250 жол тандабасчы катышкан Кыргыз Республикасындагы биринчи форум экенин белгилейт. "Катышуучулар Орусиянын булуң-бурчтарынан: Дагестан, Хабаровск, Владивосток, Мурманск, Новосибирск, мындан тышкары Казакстан менен Украинадан да келишти", - дейт уюштуруучулардын бири Талант Алыкулов.
Ысык-Көл облусунун башчысы Асхат Акибаев: "Жол тандабастар фестивалы - жарыш гана эмес, Кыргыз Республикасын башка өңүттөн көрсөтүү мүмкүнчүлүгү. Мындай кандагы адреналинди көтөрүүчү иш-чара жергебиздеги туризмдин жаңы багыты. Бизге дүйнө жүзүнөн автотуристтердин келишине шарт түзүүчү окуя", - деп билдирди.