Бишкекте 49 көчө капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Бишкек мэриясы шаардагы 42 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүүгө киришет. Долбоорду ишке ашырууга багытталган протоколго мэрия менен Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан кол коюлганын шаар бийлиги бүгүн, 6-августта маалымдады. Оңдоло турган жолдордун жалпы узундугу 95 чакырымды түзөт. Ал эми долбоорду ишке ашыруунун биринчи фазасына 481 миллион юань бөлүнүп, оңдоо иштери кытайлык компаниялар менен биргеликте жүргүзүлөт. Кытай тарап Кыргыз жерине жол куруу боюнча инженерлерди да жибермекчи.

Долбоорду ишке ашыруу боюнча тендер жакын арада жарыяланып, курулуш иштери 20-августтан кийин башталат. Жолдун курулуш сапатын, иштин жүрүшүн, коопсуздукту кыргыз-кытай биргелешкен комиссиясы жүргүзөрү белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jooshbai
2016-08-06 13:12:19
molodester dese,emi sapattuu kylyp jasagyla
0
maks94.kb
2016-08-06 14:49:31
Кудайым буйруса жазга жете турган жолдор болот как обычно
+2
dani2014
2016-08-06 21:09:58
Кытайлар курган жолдор жакшы эле кызмат кылып атат го,сапаттуу болот деген ойдомун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан